Түркияда коронавирус жуктургандардын саны 1872ге жетти

Түркияда бир сутканын ичинде коронавирус жуктуруп алган дагы  343 адам аныкталып, жалпы оорулуулардын саны 1872ге жетти.

Бул тууралуу аталган өлкөнн Саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджа билдиргенин “Fars News” агенттиги жазды.

Министрдин билдирүүсүнө караганда, акыркы 24 саат ичинде коронавирустан 7 киши көз жумуп, каза болгон адамдардын  жалпы саны 44кө жетти. Ал акыркы 24 саат ичинде коронавируска 3952 тест жүргүзүлүп, 343 адамдын тести оң натыйжа менен чыкканын билдирди. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өткөн аптада жаңы вирустун жайылышына байланыштуу жарандарды үйдө калууга чакырган.

Дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккан адамдардын саны тездик менен өсүүдө. Акыркы статистикага караганда, азыркы  тапка чейин дүйнөдө 416 миңден ашуун адам вируска кабылып, алардын ичинен 18 517 киши көз жумду.

Комментарий жиберүү