Шабан айы

Шабан айы

Динибиз тарабынан билдирилген ыйык айлардын экинчиси – Шабан айы. Аллаху таала кулдарына өтө мээримдүүлүк кылгандыгы үчүн, жада калса, эненин баласына деген мээриминен да артык мээримдүү болгондугу үчүн кээ бир күндөр менен кээ бир айларды касиеттүү кылган. Бул ыйык айлар менен күндөрдөгү ибадаттарга, жакшылыктарга өтө көп сооп бере тургандыгын билдирген. Ошондуктан, бул күндөрү тообо кылып, истигфар айтуу керек, дуба кылып, жалбаруу керек, бул күндөрдү чоң мүмкүнчүлүк деп билүү керек. Биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк болгон касиеттүү айлардын…

Прочитайте больше

Коронавирус: Дүйнө өлкөлөрүндөгү статистика. Америка алдыга чыгат

Коронавирус: Дүйнө өлкөлөрүндөгү статистика. Америка алдыга чыгат

Google map`тин 26-марттагы маалыматы боюнча, коронавирусту жуктурган өлкөлөрдүн алдыңкы бештигин Кытай, Италия, АКШ, Испания жана Германия түзүүдө. 1. Кытайда – 81 285; 2. Италияда – 74 386; 3. АКШда – 69 219; 4. Испания – 49 515; 5. Германия – 38 530 адам. Ал эми, каза болгондордун саны боюнча: Италия алдыда – 7 503 адам өлдү. Андан кийин, 3 647 жараны каза болуп, Испания. А Кытай болсо, 3 287 адамынан айрылды. Америкада бир күн башта, тактап айтканда, 25-мартта – 55…

Прочитайте больше

Ооганстан армиясынын бюджети 1 млрд. долларга кыскарды

Ооганстан армиясынын бюджети 1 млрд. долларга кыскарды

Американын Ооганстанга жардамын токтотуу боюнча жаңы чечиминин негизинде Ооган армиясынын бюджети 1 млрд. долларга кыскарды. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Ооганстандын президенти Ашраф Гани атайын конференция өткөрүп, өлкөнүн Коргоо министри менен УККасына видео кайрылуу жасаган. Ашраф Гани бул кайрылууда армиялык системага бир канча өзгөртүү киргизүү менен быйылкы аскердик бюджетти 1 млрд. долларга сарамжалдоого чакырган. Белгилей кетсек, Американын ТИМ жетекчиси Майк Помпео Кабулга болгон иш сапарында өлкөнүн президенти жана аткаминерлери менен жолугушуу өткөргөн. Бул жолугушуулар Америка тарапка…

Прочитайте больше

Имран Хан Америкага Иранга каршы санкцияларын токтотуусун сунуштады

Имран Хан Америкага Иранга каршы санкцияларын токтотуусун сунуштады

Пакистандын премьер-министри COVID-19  вирусунун таралуусу себептен Америка президентине Иранга киргизген санкцияларын алып салуусун сунуштады. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык,  Имран Хан Тегеран коронавирус менен алпурушуп жатканда Вашингтондун санкциялары учурдагы абалды кыйындатаарын билдирди. Белгилей кетсек, Пакистандын премьер-министри Ирандагы оор абалды жана элдин кыйынчылык менен вируска каршы күрөшүүлөрүн эске салып, өлкөдөн бул вирус жоюлганча Дональд Трамптан адамгерчиликтин негизинде бул өлкөгө киргизген санкцияларын токтотуп туруусун суранды. Эске салсак, Американын ТИМ жетекчиси Ак үйдүн отурумунда Иран боюнча билдирүү жасап, Иранда…

Прочитайте больше

Өзбекстан бет капсыз жүргөндөргө айып пул салат

Өзбекстан бет капсыз жүргөндөргө айып пул салат

Өзбекстанда 25-марттан тарта бет капсыз жүргөндөргө 23-70$ айып пул салынат. Бул тууралуу CentralAsia (UZ) агенттиги  Koronavirus Info телеграм каналына шилтеме берип маалымдады.Белгилей кетсек, биринчи айып пул 223 миң сум (23 АКШ доллары) болсо, кайталанган мыйзам бузуунун айып пулу 669 миң сумду (70 АКШ доллар) түзөт.Берилген маалыматтарга караштуу, бет капсыз жүргөндөрдү Улуттук гвардия менен патрулдук кызмат көзөмөлдөмөкчү. Эске салсак, бул өлкө 23-марттан баштап бардык жарандарга бет капсыз жүрүүгө тыюу салып, эскертүү жасап келген. Өзбекстанда эң төмөнкү маяна 23 долларды…

Прочитайте больше