Имран Хан Америкага Иранга каршы санкцияларын токтотуусун сунуштады

Пакистандын премьер-министри COVID-19  вирусунун таралуусу себептен Америка президентине Иранга киргизген санкцияларын алып салуусун сунуштады.

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык,  Имран Хан Тегеран коронавирус менен алпурушуп жатканда Вашингтондун санкциялары учурдагы абалды кыйындатаарын билдирди.

Белгилей кетсек, Пакистандын премьер-министри Ирандагы оор абалды жана элдин кыйынчылык менен вируска каршы күрөшүүлөрүн эске салып, өлкөдөн бул вирус жоюлганча Дональд Трамптан адамгерчиликтин негизинде бул өлкөгө киргизген санкцияларын токтотуп туруусун суранды.

Эске салсак, Американын ТИМ жетекчиси Ак үйдүн отурумунда Иран боюнча билдирүү жасап, Иранда корона вирусунун пандемиясына карабастан, санкцияларды күчөтө берээрин белгилеген.

Комментарий жиберүү