Коронавирус: Дүйнө өлкөлөрүндөгү статистика. Америка алдыга чыгат

Google map`тин 26-марттагы маалыматы боюнча, коронавирусту жуктурган өлкөлөрдүн алдыңкы бештигин Кытай, Италия, АКШ, Испания жана Германия түзүүдө.

1. Кытайда – 81 285;

2. Италияда – 74 386;

3. АКШда – 69 219;

4. Испания – 49 515;

5. Германия – 38 530 адам.

Ал эми, каза болгондордун саны боюнча: Италия алдыда – 7 503 адам өлдү. Андан кийин, 3 647 жараны каза болуп, Испания. А Кытай болсо, 3 287 адамынан айрылды.

Америкада бир күн башта, тактап айтканда, 25-мартта – 55 330 адамга жукканы айтылган. Ал эми 26-мартта, коронавирус 69 219 адамдан аныкталды. Демек, бир күндө – 13 889 адам жуктурган.

Мындай темп менен кетсе, дагы бир же эки күндөн кийин, вирусту жуктургандардын саны боюнча ааламда алдыңкы орунга чыгат. Башкача айтканда, Кытайдан да озуп, биринчи орунду камсыздап калышы мүмкүн.

Би-Би-Синин маалыматы боюнча коронавирус дүйнө боюнча 471 317 адамга жугуп, анын ичинен 21 286сы каза болгон.

Вирус дээрлик 197 мамлкетке тарады.

А Кыргызстан 44 адамы менен 116-катарда.

Комментарий жиберүү