Ооганстан армиясынын бюджети 1 млрд. долларга кыскарды

Американын Ооганстанга жардамын токтотуу боюнча жаңы чечиминин негизинде Ооган армиясынын бюджети 1 млрд. долларга кыскарды.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Ооганстандын президенти Ашраф Гани атайын конференция өткөрүп, өлкөнүн Коргоо министри менен УККасына видео кайрылуу жасаган.

Ашраф Гани бул кайрылууда армиялык системага бир канча өзгөртүү киргизүү менен быйылкы аскердик бюджетти 1 млрд. долларга сарамжалдоого чакырган.

Белгилей кетсек, Американын ТИМ жетекчиси Майк Помпео Кабулга болгон иш сапарында өлкөнүн президенти жана аткаминерлери менен жолугушуу өткөргөн.

Бул жолугушуулар Америка тарапка мөмөлүү болбогондуктан, Вашингтон мындан ары Ооганстан армиясына колдоо көрсөтүүлөрүн токтотоорун жарыялган эле.

Ал эми Ооганстандын президенттик шайлоолору келишпестиктер менен аяктап, бир мезгилде өлкөдө эки президенттин: Ашраф Гани менен Абдуллах Абдуллахтын инаугурациясы өткөрүлгөн.

Ал эми бул ортодо талибандар да учурдан пайдаланууга аракет жасашууда.

Комментарий жиберүү