Өзбекстан бет капсыз жүргөндөргө айып пул салат

Өзбекстанда 25-марттан тарта бет капсыз жүргөндөргө 23-70$ айып пул салынат.

Бул тууралуу CentralAsia (UZ) агенттиги  Koronavirus Info телеграм каналына шилтеме берип маалымдады.
Белгилей кетсек, биринчи айып пул 223 миң сум (23 АКШ доллары) болсо, кайталанган мыйзам бузуунун айып пулу 669 миң сумду (70 АКШ доллар) түзөт.
Берилген маалыматтарга караштуу, бет капсыз жүргөндөрдү Улуттук гвардия менен патрулдук кызмат көзөмөлдөмөкчү.
 Эске салсак, бул өлкө 23-марттан баштап бардык жарандарга бет капсыз жүрүүгө тыюу салып, эскертүү жасап келген. Өзбекстанда эң төмөнкү маяна 23 долларды түзөт.

Комментарий жиберүү