Коронавирус ысыкка чыдайбы?

Коронавирус ысыкка чыдайбы?

Африка өлкөлөрүндө COVID-19 вирусунун  таралуусу. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, коронавирус 46 африкалык өлкөдө катталган. Африка бирикмеси 46 африкалык өлкөдө тараган коронавируска 2746 адам чалдыкканын билдирди. Бул билдирүүдө 16 өлкөдө 76 бейтап бул вирустан курман болгону айтылган.Белгилей кетсек, айрыкча туристтик өлкөлөрдө: Египетте 456, алардын ичинде 21 өлүм, Алжирде 302, 21 өлүм, Мароккодо 225, 6 өлүм жана Тунисте 173, 5 өлүм менен бардыгы болуп Түндүк Африкада 1159 бейтапта коронавирус илдети аныкталган. Африка бирикмеси ошондой эле Батыш Африка…

Прочитайте больше

Бени Ганц Кнессеттин төрагасы болду

Бени Ганц Кнессеттин төрагасы болду

Сионисттик режимдин “көгүш-ак” партиясынын лидери Бени Ганц парламенттин спикери болуп шайланды.  Бул тууралуу Mehr News агенттиги an-Nashra маалыматына шилтеме берип маалымдады.Белгилей кетсек, France агенттиги алдыраак Бени Ганц Кнессеттин төрагасы болууга өз талапкерлигин көрсөткөнүн кабарлаган. Албетте, Кнессеттин жетекчилигин колго алуу эки маанини туюндурат: биринчиси Кнессеттин жетекчилигин колго алуу болсо, экинчиси сионисттик рижимдин 3 колоннасынын бирин “Ликуддан” тартып алуу. Ал эми экинчи мааниде (Ликуддан Кнессеттин башкаруучулугун алуу) болсо, Бени Ганц жана шериктештери талап койгондой премьер-министрликтен “кол тийбестик” мыйзамын алып…

Прочитайте больше

Өзбекстанда карантин эрежесин бузгандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылышат

Өзбекстанда карантин эрежесин бузгандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылышат

Өзбекстан президенти 26-мартта кылмыш-процесс кодексине бир канча өзгөртүүлөрдү киргизди. CentralAsia (UZ) агенттигинин маалыматына ылайык, Шавкат Мирзиёев Өзбекстан Республикасынын Кодексине административдик жоопкерчиликтер боюнча жаңы кошумчаларды киргизди. Белгилей кетсек, Кылмыш кодексине 244-5 берене кошулган мыйзамдын негизинде, карантин жана башка адам өмүрүнө коркунучтуу болгон инфекциялар боюнча жалган маалымат тараткандарга 4,7 миңден 9,4 миң долларга чейин айып пул салынат.  Ошондой эле 360 саат коомдук иштерге жиберилип, 2-3 жыл эркинен ажыратуу же ушунча жыл түзөтүү иштерине милдеттендирилет. Мындан тышкары башкалардын ден…

Прочитайте больше

Йемен согушунун курмандыктарынын статистикасы

Йемен согушунун курмандыктарынын статистикасы

Адам укугун коргогон “Айн аль-Ансаания” борбору сауд коалициясынын 5 жылдан бери Йеменге каршы тынымсыз жасаган чабуулдарында 42 миңден ашуун адам жабыркап, инфраструктурасы талкаланганын маалымдады. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Аталган борбор Сауд Аравия жетектеген эл аралык коалициянын Йеменге каршы беш жылдык согушунун статистикасы боюнча басма сөз жыйын өткөрдү. Almasirah телеканалы маалымдагандай, басма сөз жыйынында Йеменге каршы беш жылдык согушта өлгөндөрдүн жана жаракат алгандардын саны 42 582ге жеткени айтылды. Анда 16 618 адам каза болгондугу, алардын ичинен…

Прочитайте больше

Дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын саны жарым миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын саны жарым миллиондон ашты

Дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн өкмөттөрү берип жаткан статистикага ылайык, коронавирус жуктуруп алгандардын саны жарым миллиондон ашты. Бул тууралуу «Tasnim News» агенттиги жазды.Батыш маалымат каражаттарында коронавирустун булагы деп аталган Кытайда вирус менен 81 миң учур катталып, илдетке чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Бирок, Италия менен АКШда вирусту жуктуруп алып жаткандардын саны кескин өсүп жаткандыктан, алдыңкы сааттарда бул эки өлкө сан жагынан Кытайдан ашып кетүүсү мүмкүндүгү айтылууда. Кронавируска чалдыккандардын жарымынан көбү Европа өлкөлөрүндө жашашканы тастыкталды. “Worldometers” маалымат…

Прочитайте больше