Бени Ганц Кнессеттин төрагасы болду

Сионисттик режимдин “көгүш-ак” партиясынын лидери Бени Ганц парламенттин спикери болуп шайланды. 

Бул тууралуу Mehr News агенттиги an-Nashra маалыматына шилтеме берип маалымдады.
Белгилей кетсек, France агенттиги алдыраак Бени Ганц Кнессеттин төрагасы болууга өз талапкерлигин көрсөткөнүн кабарлаган. Албетте, Кнессеттин жетекчилигин колго алуу эки маанини туюндурат: биринчиси Кнессеттин жетекчилигин колго алуу болсо, экинчиси сионисттик рижимдин 3 колоннасынын бирин “Ликуддан” тартып алуу.

Ал эми экинчи мааниде (Ликуддан Кнессеттин башкаруучулугун алуу) болсо, Бени Ганц жана шериктештери талап койгондой премьер-министрликтен “кол тийбестик” мыйзамын алып салуу аракети жүзөгө ашырылмакчы.

Израилдин “көгүш-ак” партиясы бир жарым жылдан ашуун саясий сахнада өзүн активдүү көрсөтүп келет жана акырындык менен Ликуд жана Нетаньяхудан бийликти алып, өз тарабына тартууда.

Бул партиянын максаты – Нетаньяхунун саясий өмүрүн кыскартуу болуп саналат. Учурда Кнессетте “көгүш-ак” партиясы жетектеген жаңы саясий ыкма башталары күтүлүүдө.

Комментарий жиберүү