Дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын саны жарым миллиондон ашты

Дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн өкмөттөрү берип жаткан статистикага ылайык, коронавирус жуктуруп алгандардын саны жарым миллиондон ашты.

Бул тууралуу «Tasnim News» агенттиги жазды.
Батыш маалымат каражаттарында коронавирустун булагы деп аталган Кытайда вирус менен 81 миң учур катталып, илдетке чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Бирок, Италия менен АКШда вирусту жуктуруп алып жаткандардын саны кескин өсүп жаткандыктан, алдыңкы сааттарда бул эки өлкө сан жагынан Кытайдан ашып кетүүсү мүмкүндүгү айтылууда. Кронавируска чалдыккандардын жарымынан көбү Европа өлкөлөрүндө жашашканы тастыкталды.

“Worldometers” маалымат базасы расмий маалыматтарга таянып, дүйнөдө аталган илдеттен каза тапкандардын саны 22 миңден ашып кеткенин кабарлады. Жакынкы сааттарда бул көрсөткүч дагы өсүшү мүмкүн.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча илдеттен 120 миңден ашык адам айыгышты. Бирок, дагы 360 миңге жакын адам илдет менен күрөшүүсү керек.

2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирус азыркы учурда дүйнөдө 200гө жакын мамлекетке таркады жана азыркы учурда илдетке чалдыккандардын саны жарым миллиондон ашты.

Комментарий жиберүү