Йемен согушунун курмандыктарынын статистикасы

Адам укугун коргогон “Айн аль-Ансаания” борбору сауд коалициясынын 5 жылдан бери Йеменге каршы тынымсыз жасаган чабуулдарында 42 миңден ашуун адам жабыркап, инфраструктурасы талкаланганын маалымдады.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Аталган борбор Сауд Аравия жетектеген эл аралык коалициянын Йеменге каршы беш жылдык согушунун статистикасы боюнча басма сөз жыйын өткөрдү.

Almasirah телеканалы маалымдагандай, басма сөз жыйынында Йеменге каршы беш жылдык согушта өлгөндөрдүн жана жаракат алгандардын саны 42 582ге жеткени айтылды. Анда 16 618 адам каза болгондугу, алардын ичинен 3725и балдар жана 2357и аялдар экени айтылды.

Ошондой эле бул мезгил аралыгында 25 964 киши жаракат алган, алардын ичинен 3942и балдар жана 2721и аялдар.  Мындан тышкары, талкаланган объекттердин же зыянга учураган инфраструктуралардын саны 8610го жеткени белгиленди.

Сауд коалицисынын чабуулдарында Йемендин 15 аэропорту, 16 порту, 297 электр станцисы жана 520 байланыш станциясы талкаланган же зыянга учураган. Адам укугун коргогон “Айн аль-Ансаания” борборунун маалыматына караганда, сауд коалициясынын Йеменге каршы жасаган чабуулдарында бул өлкөдөгү көптөгөн кампалар, суу түтүктөрү, мамлекеттик объекттер, жолдор, көпүрөлөр, үйлөр, тейлөө объекттер, университеттер, мечиттер, туристтик объекттер, ооруканалар, мектептер, билим берүү борборлору, айдоо жерлери, спорт комплекстер, медиаборборлор, заводдор, күйүүчү май танкерлер, соода объекттер талкаланган же зыянга учураган.

Комментарий жиберүү