Коронавирус ысыкка чыдайбы?

Африка өлкөлөрүндө COVID-19 вирусунун  таралуусу.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, коронавирус 46 африкалык өлкөдө катталган. Африка бирикмеси 46 африкалык өлкөдө тараган коронавируска 2746 адам чалдыкканын билдирди.

Бул билдирүүдө 16 өлкөдө 76 бейтап бул вирустан курман болгону айтылган.
Белгилей кетсек, айрыкча туристтик өлкөлөрдө: Египетте 456, алардын ичинде 21 өлүм, Алжирде 302, 21 өлүм, Мароккодо 225, 6 өлүм жана Тунисте 173, 5 өлүм менен бардыгы болуп Түндүк Африкада 1159 бейтапта коронавирус илдети аныкталган.

Африка бирикмеси ошондой эле Батыш Африка өлкөлөрүндө, алардын ичинде Буркина Фасодо 146 учур катталып, 4сү көз жумганын билдирди. Андан кийинки тизмекте Синегал 99 учур, Кот-д-Ивуар 80, Гана 69, Нигерияда 51 учур катталган.

Ал эми Түштүк Африка өлкөсүндө 709, Намибия 6, Мозамбик 5, Ангола 3 жана Зимбабведе да 3 учур катталды.

Берилген маалыматтарга караштуу, Чыгыш Африкада 197 учур катталып, 3ү көз жумган. Тагыраак айтканда, Мористе 48, 2 өлүм, Руанда 41, Кенияда 25, Мадагаскар 19, Уганда 14, Эфиопия 12 жана Танзанияда 12 адам корона вирусуна чалдыгышкан.

Ошондой эле Борбордук Африкада 150 учур катталып, 5и көз жумган. Камерондо 175, 1 өлүм, Конго 48, 3 өлүм, Экватордук Гвинеяда 9, Габондо 6, Борбордук Африка Респбуликасында 5 болсо, Чадда 3 учур катталган.

Комментарий жиберүү