Өзбекстанда карантин эрежесин бузгандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылышат

Өзбекстан президенти 26-мартта кылмыш-процесс кодексине бир канча өзгөртүүлөрдү киргизди.

CentralAsia (UZ) агенттигинин маалыматына ылайык, Шавкат Мирзиёев Өзбекстан Республикасынын Кодексине административдик жоопкерчиликтер боюнча жаңы кошумчаларды киргизди.

Белгилей кетсек, Кылмыш кодексине 244-5 берене кошулган мыйзамдын негизинде, карантин жана башка адам өмүрүнө коркунучтуу болгон инфекциялар боюнча жалган маалымат тараткандарга 4,7 миңден 9,4 миң долларга чейин айып пул салынат.

 Ошондой эле 360 саат коомдук иштерге жиберилип, 2-3 жыл эркинен ажыратуу же ушунча жыл түзөтүү иштерине милдеттендирилет.

Мындан тышкары башкалардын ден соолугуна зыян тийигизүүчү иш аракеттерди жасагандар 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Эгер бул мыйзам бузуулар адам өлүмүнө себеп болсо, 7-10 жылга чейин узартылат.

Комментарий жиберүү