Америкада жумушсуздук күчөдү

Бир аптада 3 млн. жаран жумушсуз калды.

Бул тууралуу Mehr News агенттиги CNBC каналына шилтеме берип маалымдады.
АКШнын Эмгек Департаменти өткөн аптанын ичинде өлкөдө жумушсуздук боюнча “камсыздоо” талап кылгандар өтө көбөйгөнүнүн билдирген.
Белгилей кетсек, Америкада жумушсуздук менен камсыздоо боюнча кайрылгандардын саны 3,28 миллионго жеткен. Мындай көрсөткүч тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч катары катталды.
Эске салсак, АКШда ылдамдык менен тарап жаткан COVID-19 вирусунан улам киргизилген чектөөлөр, карантиндер өлкөдөгү жумушсуздуктун өсүүсүнө себеп болгон.
Абалга байланыштуу Доу-Джонс институтунун сурамжылоосуна катышышкан изилдөөчүлөр менен экономисттер бул аптада жумушсуздук боюнча кайрылгандардын саны дагы 1,5 миллионго чукулдашына ыктымал беришкен.

Комментарий жиберүү