Бельгияда бир мышык өз ээсинен коронавирус жуктуруп алды

Бельгия өкмөтү үй айбандарга тазалык менен мамиле кылууларын сунуштады.

CentralAsia (KZ) агенттигинин маалыматына ылайык, өз ээсинен “корона” вирусун жуктуруп алган мышыктан соң, Бельгия өкмөтү өз жарандарын үй айбандарын таза колдору менен гана кармоону сунуштады.

Коронавирус адамдан айбанга жугуусу дүйнөдөгү алгачкы окуя болушу мүмкүн,- деп билдирди    The Guardian.

“Ээси коронавирус менен ооругандан бир апта өткөн соң, анын үй айбанында да ушундай белгилер көрүнө баштаган. Мышыктын ичи өтүп, кусуп, дем ала албай калган. Кийинчерээк анын чардысынан бул вирус изилдеп табылды”,- деди вирусолог Стивен Ван Гухт.

Эске салсак, мурдараак Кытайда эки ит бул вируска чалдыкканы айтылган, бирок аларда жогорудагы белгилер болгон эмес.

Вирусологдун айтымында, бул вирус адамдан айбанга жуккан жана тескерисинче айбандан адамга жугуусу мүмкүн эмес, андыктан тынчсыздануу менен үй айбандардан баш тартуунун кажети жок.

Комментарий жиберүү