Борис Жонсонго коронавирус жукту

Улуу Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон “COVID-19” инфекциясын жуктуруп алганын билдирди.

Ал бул тууралуу Твиттердеги жеке баракчасына жазганын «Fars News» агенттиги маалымдады.
Борис Жонсон акыркы 24 сааттын ичинде өзүнөн коронавирустун жеңил симптомдорун байкаганын жана тест тапшырып, анын жыйынтыгы оң чыкканын билдирди.

Ал өзүн карантинге алганын жана мындан ары өкмөткө жетекчилик кылууну видео конференция аркылуу улантарын айтып, вируска каршы чогуу күрөшөбүз деди.

Улуу Британиянын өкмөт башчысы 4-мартта жергиликтүү ооруканаларга барганын жана коронавирус менен жаткан бейтаптардын баардыгы менен кол алышып көрүшкөнүн айтып, “Мен баары менен кол алышууну улантам, албетте, кол жуу – бул турмуштагы өтө маанилүү кадам», – деген эле.

Улуу Британиянын маалымат каражаттары өлкөнүн саламаттыкты сактоо жана каржы министрлери дагы Жонсон менен байланышта болушкандыктан, өздөрүн карантинге алышканын маалымдашты.

Буга чейин Улуу Британияда коронавируска чалдыккандардын саны 11 миң 658ге жеткен жана алардын ичинен 578 адам каза болгон.

Өткөн шаршемби күнү Британ тактысынын мураскери ханзаада Чарльздин коронавируска тапшырган тести он натыйжа менен чыкканы маалымдалган.

Комментарий жиберүү