Түркияда коронавируска чалдыккандардын саны 9217ге жетти

Түркияда вирус жуктуруп алгандардын саны тездик менен өсүүдө.

Акыркы статистикага ылайык, ооруга чалдыккандардын саны 9217ге жетип, 131 киши көз жумду. Бул тууралуу  “Fars News” агенттиги кабарлады.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин 29-мартта жасаган билдирүүсүнө караганда, акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустан 23 бейтап көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 131ге жеткен. Бир сутканын ичинде 9982 адам вируска тест тапшырып, алардын ичинен 1815 адамдын тести оң натыйжа менен чыгып, ооруга чалдыккандардын жалпы саны 9217ге жеткен.

Ошол эле учурда акыркы 24 саатта 35 бейтап сакайып, өлкө боюнча айыккандардын жалпы саны 105ге жетти.

Түркияда коронавирус тездик менен жайылып жаткан учурда бул өлкөнүн Борбордук банкынын башчысынын орун басары Түркия бул кризистен минималдуу жоготуулар менен чыгарын билдирди. Ал Түркиянын акыркы этаптардагы  экономикалык жетишкендиктери бул өлкөнүн коронавируска каршы күрөшүү мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө жардам бергенин белгиледи.

Буга чейин өлкө президенти Режеп Тайип Эдоган коронавируска байланыштуу бардык чет өлкөлүк аба каттамдарын токтотуу буйругун чыгарып, элди үйдөн чыкпоого чакырган.

Комментарий жиберүү