Жо Байден: Трамп коронага каршы жетишээрлик чара көрбөй жатат

Демократттар партиясынын лидери Америка президентине кайрылып, сөз сүйлөөрдөн алдың илимпоздордун сөзүнө кулак салуусун сунуштады.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, NBC каналы Америка палатасынын “демократтар” партиясынын лидери Жо Байдендин Трампка кайрылуусун жарыялады.

Белгилей кетсек, бул кайрылууда Жо Байден Трампты өлкөдө коронавиурска каршы күрөшүүдө жетишээрлик чара көрбөй жатканын билдирип, мындай деген: Туура жолдо жолу болбостук, тез аткарылуучу иштерди аткарбай коюу мындан ары уланбашы керек.

Ошондой эле Америка палатасынын төрагасы Нэнси Пелоси  президентке сын-пикир билдирүү менен мындай деген: Трамптын корона вирусун этибарга албай коюусу америкалыктарга өлүм баасы менен аяктай турган болду.

Нэнси Пелоси өлкөдө корона вирусун аныктоочу жабдыктар жетишээрлик иштетилбей жатканын билдирип, буга Трампты күнөөлөгөн.

Эске салсак, Америка учурда коронавирус көрсөткүчү менен дүйнөдө биринчи тизмекти жетектеди.

Комментарий жиберүү