Израил Палестина жеринин 85%дан ашыгын басып алган

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады. Израил 1976-жылы 30-мартта Палестинанын Галиле аймагындагы миңдеген гектар аймагын басып алган. Сионист режиминин бул кылмыштуу ишинен кийин Палестина эли ачкачылык жарыялап, демонстрацияларга чыга башташкан.

Ошондон бери палестиналыктардын Израилдин баскынчылыгына каршы нааразычылык акцияларында палестиналыктар менен израилдик күчтөрдүн ортосунда айыгышкан кагылышуулар орун алып келет. Палестина эли 1976-жылдан бери жыл сайын 30-мартты “Палестанын жер күнү” деп белгилеп, Израилге каршы демонстрацияларды өткөрүп келет.

“Al-Quds Al-Arabi” басылмасы маалымдагандай, Палестина статистикасынын борбордук бюросунун баяндамасында айтылгандай, Палестина аймагындагы жөөт конуштардын саны 2018-жылдын аягына карата 448ге, ал эми Батыш жээкте отурукташкандардын саны 671 миңге жеткен.

Алардын 47%ы, башкача айтканда 311 миң 462 адам Иерусалим провинциясында жашайт. Баяндамага караганда, сионист режими 2019-жылы Батыш жээкте жөөт конуштарын курууларды тездетип, 8457 жаңы үй куруу планын бекиткен. Израил мамлекети 1948-жылы түзүлгөндө Палестина аймагынын 6,2%ын гана ээлеп алган. Ал эми азыркы учурда Палестина жеринин 85%дан ашыгын өз көзөмөлүнө алган.

Ошол эле учурда Израил Батыш жээк аймагынын 18%ын аскердик базалар үчүн жана 10%дан ашыгын дубалдарды куруу үчүн ээлеп алган.

Сионист режими 1967-жылдан бери Палестина аймагындагы 50 миңдей үйдү толугу менен талкалап, 100 миң үйдү жарым-жартылай талкалаган. Ошондой эле акыркы он жылда 110 миңден ашуун палестиналык жер которуп кеткен. Мындан тышкары, 1948-жылдан бери Палестинанын ичинде жана тышында курман болгон палестиналыктардын саны 100 миңге жетти.

2014-жыл палестиналыктар үчүн эң кандуу жыл болгон. Ал жылы 2240 киши курман болгон. 2019-жылы 151 палестиналык шейит кеткен, алардын 29у балдар жана 9у аялдар болгон, ошондой эле ал жылы 8000 киши жаракат алган. Мындан тышкары, 2019-жылдын аягына карата Израилдин түрмөлөрүндө камакта жаткан палестиналыктардын саны  5000ге жетти. Алардын арасында 20 бала жана 42 аял бар.

Комментарий жиберүү