Меккеде бир канча райондор толук жабылды

Сауд Аравияда “корона” вирусуна чалдыккан1299 адам катталды.

Islam-today агенттигинин маалыматына ылайык, Сауд Аравия өлкөдө “корона” вирусунун таралуусуна байланыштуу бир канча райондорун жапты. Бул чечимди Сауд өкмөтү кабыл алганын өлкөнүн ИИМи жарыялаган. Чечим боюнча карантинге жабылган райондорго кирүү жана чыгууга толук тыюу салынган.
Белгилей кетсек, алдыраак Мекке менен Медина зыяратчыларга толук жабылган эле. Берилген маалыматтарга караштуу, Сауд Аравияда корона вирусун жуктургандар 1299га жетип, 8и көз жумган.
Эске салсак, Сауд Арвия падышачылыгы алдыраак өлкөдө корона вирусу боюнча так маалымат бербей, жашырып келген.
Ал эми дүйнө жүз боюнча 720 миң бейтап бул вирус менен катталса, 34 миңи көз жумган.

Комментарий жиберүү