ДСУ: Чылым чеккендерде коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу көбүрөөк/Вирус аба аркылуу жукпайт

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тамеки тарткандардын башкаларга караганда коронавирус илдетин жуктуруп алуу коркунучу көбүрөөк экенин жана вирус аба аркылуу жукпасын билдирди.

Бул тууралуу «Tasnim News» агенттиги кабарлады.
Ошондой эле, ДСУ Азия жана Тынч океан өлкөлөрүндө илдет кайрадан жанданышы мүмкүн экенин эскертти.

Уюмдун берген маалыматына караганда, себеби тамеки тарткандардын колдору эриндерине тынбай тийип турат. Ошондуктан тамеки тарткандарда илдетти жуктуруу коркунучу жогору. Мындан тышкары, тамеки тарткандар көбүнчө өпкө көйгөйлөрүнө туш болушат же иммундук системалары алсыз болот жана өпкөлөрүнүн сыйымдуулугу төмөн болот.

Ушул себептен дагы чылым чеккендердин вирусту жуктуруп алуу коркунучу жогору болуп эсептелет. Мындан тышкары кальян шлангдары вирустун топтолушу үчүн жакшы жай болуп саналат жана аны тарткандардын аталган илдетти жуктуруп алуусу толук мүмкүн. Жогоруда айтылгандай, илдетке чалдыккандардын ичинен чылым чеккендердин ден-соолугундагы көйгөйлөр кычкылтектин муктаждыгын жогорулатат же дененин кычкылтекти пайдалануу мүмкүнчүлүгүн төмөндөт жана бейтапты пневмонияга алып келиши мүмкүн.

Коронавирус аба аркылуу жукпайт

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус аба аркылуу жукпасын, негизи илдет оорулуу адамдын жөтөлүнөн чачыраган шилекей тамчылары, чүчкүрүгү аркылуу жана аны менен сүйлөшкөн болсо жугарын билдирди.

Ошондой эле, адамдар вирустан сак болушу үчүн бири-биринен бир метрден ашык аралыкты сактоо жана тез-тезден дезинфекциялоо иштерин жасап туруулары зарыл экенин, кодорун спиртин негизиндеги жуугучтар менен тазалап же самын менен жууп, колдору менен көз, ооз жана мурундарын кармоодон алыс болуусу керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, ДСУ Азия жана Тынч океан өлкөлөрүндө вирус кайрадан жайылышы мүмкүн экенин эскертип, коронавирусту жуктургандардын азайышы өлкөлөрдү оптимизмге алып келбеши керектигин билдирди.

Комментарий жиберүү