Трамп: Америка эли келээрки 2 аптадагы эң жаман күндөргө даяр болушсун

Американын президенти келээрки 2 аптада “корона” вирусунун  күч алуусун эскертти.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Америка президенти өз элине кайрылып, келээрки 2 апта эң жаман күндөргө даяр болууларын эскертти.
Дональд Трамп бул вируска каршы күрөшүүдө бардык жарандар өз аракеттерин жумшоолорун талап кылды.
Ал ошондой эле өз өкмөтү бул маселеге карата атайын чараларын апрель айынын аягына чейин улантылаарын белгиледи.
 Эске салсак, Америка учурда корона вирус ылдамдыкта жайылган өлкөлөрдүн алдыңкысы болуп, өлүм-житим көрсөткүчү боюнча Кытайдан озду.

Комментарий жиберүү