ДСУ: Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны миллиондон ашышы мүмкүн

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус COVID-19 вирусунун жайылышы уланып жатканын айтып, жакынкы күндөрү дүйнөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны бир миллиондон ашышы мүмкүн экенин билдирди.

Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “Sputnik” агенттигине шилтеме берип кабарлады. “Акыркы беш жуманын ичинде биз COVID-19 вирусун жуктурган жаңы учурлардын саны дээрлик экспоненциалдык өсүп жаткандыгына күбө болдук. Ал дээрлик бардык өлкөлөргө жана аймактарга жайылды.  Акыркы бир жуманын ичинде бул илдеттен өлгөндөрдүн саны да эки эсеге көбөйдү”, – деди Тедрос Гебрейесус.

Ал жакынкы күндөрү дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны бир миллиондон ашып, курмандыктардын саны 50 миңге жетиши мүмкүн экенин билдирди. Ошондой эле ал вирустун глобалдык жайылуусуна терең тынчсыздануусун билдирип, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 вирусу олуттуу социалдык, экономикалык жана саясий кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин түшүнгөнүн белгиледи.

Комментарий жиберүү