ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн азык-түлүктөрдү экспорттоого тыюу салынды

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерден кээ бир азык-түлүк товарларын сыртка экспорттоого ушул жылдын июнь айына чейин  тыюу салынды.

Бул тууралуу “Fars News” агенттигинин Душанбедеги өкүлчүлүгү кабарлады. Мындай чечим Евразия экономикалык комиссиясынын акыркы отурумунун жыйынтыгында коронавирус жагдайына байланыштуу кабыл алынды.

ЕЭКтин чечимине ылайык, пияз, сарымсак, шалгам, кара буудай, күрүч, гречка, таруу, дан эгиндери, гречкадан жасалган даяр азык-түлүктөр, майдаланган жана майдаланбаган буурчак, күн караманын данегин ушул жылдын 30-июнуна  чейин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагынан сыртка чыгарууга тыюу салынды.

ЕЭКтин чечими Евразия экономикалык комиссиясынын сайтына жарыяланган убакыттан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Мындан тышкары, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин аймагынан жеке коргонуу каражаттарын, дезинфекциялоочу каражаттарын жана медициналык продукцияларды да сыртка экспорттоого убактылуу тыюу салынды.

Комментарий жиберүү