Израилдин Саламаттыкты сактоо министри коронавируска чалдыкты

Сионисттик режимдин Саламаттыкты сактоо министри жубайы менен коронавируска берген анализи оң чыкты.

Бул тууралуу Fars News агенттиги Израилдин ЖМКаларына шилтеме берип маалымдады.
 Берилген маалыматтарга караштуу, министр Яаков Лицман жубайы менен коронага тапшырышкан анализдеринин натыйжасы оң чыгып, карантинге алынышты.

“Иерусалим пост” гезитинин маалыматына ылайык, Израилдин Саламаттыкты сактоо министрилигин басма сөз катчысы министрдин корона вирусуна чалдыгуусу боюнча премьер-минстр Беньямин Нетаньяхуга маалымат жеткирлигенин билдирген.

Ал ошондой эле Яаков Лицман өз ишин үй карантининде отуруп улантаарын кошумчалаган.

Эске салсак, Израилде учурда корона вирусуна чалдыккандардын саны 5591ге жетти жана көз жумгандардын саны 21 бейтапты түздү.

Комментарий жиберүү