Сауд Аравия: Ислам өлкөлөрү азырынча Хаж сапарын пландаштырбай турушсун

Сауд Аравиянын Хаж министри Ислам өлкөлөрү азырынча Хаж зыярат сапарлары боюнча пландарын токтото турууларын суранды.

Бул тууралуу TASNIM агенттиги al-Mayadeen каналына шилтеме берип маалымдады.
Белгилей кетсек, Сауд Аравиянын Хаж министрлиги быйылкы Хаж зыяраты боюнча билдирүү жасаган.

Бул билдирүүдө бардык Ислам өлкөлөрүнө кайрылып, азырынча мусулмандарды Хаж сапарына каттоодон баш тартуулары жана эч кандай Хаж жана Умра сапарлары алдын ала пландаштырылбоосуна талап коюлган.

Эске салсак, мындай кайрылуу өлкөдө корона вирусунун жайылышына байланыштуу жасалды.
Бул министрлик өз өлкөсү ажыларга кызмат көрсөтүүгө ар дайым даяр экенин билдирип, бирок биринчи орунда ажылардын саламаттыгы тураарын кошумчалаган.

Комментарий жиберүү