АКШда коронавирустун курмандыктары болуп көрбөгөндөй көбөйдү

Жонс Хопкинс университетинин берген акыркы маалыматында кечээ, бейшемби күнү АКШда коронавирустан көз жумгандардын саны 5926га жеткени кабарланды.

«Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, АКШда акыркы бир күндүн ичинде 1169 адам коронавирустан көз жумду. Бул аталган илдет чыккандан бери бир өлкөдө каза болгондордун саны боюнча эң көп көрсөткүч. Буга чейин коронавирустан бир күндө каза болгондордун эң көп саны Италияда катталган эле. 27-мартта бул өлкөдө илдеттен 969 адам көз жумган.
Бул тууралуу маалыматты Жонс Хопкинс университети жарыялады. Бул университет расмий булактардан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан алынган маалыматтарга таянып, кеңири статистиканы жарыялап келет.
Белгилей кетсек, 11-мартта Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму коронавирустун жаңы түрүн (Covid-19) пандемия деп атаган.
Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзү боюнча илдетке чалдыккандардын саны миллиондон ашты жана 51000ден ашуун адам көз жумду.

Комментарий жиберүү