БУУ COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүгө эл аралык кызматташууга чакырды

БУУ “корона” вирусуна каршы ар тараптуу эл аралык күрөшүү боюнча токтом бекитти.

 Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Американын санкциялары COVID -19 вирусуна каршы күрөшүүгө тоскоолдук жаратууда.

Белгилей кетсек, алдыраак Орусия, Кытай, Сирия, Куба, Түндүк Корея, Иран, Никарагуа, Венесуэланын өкүлдөрү БУУнун башкы катчысына кат жолдошуп, дүйнөлүк пандемияга айланган корона виурсуна каршы күрөшүү жолунда Американын киргизген санкцияларын токтотулуусун талап кылышкан.

Мындан тышкары Ирандын ТИМ жетекчиси Мухаммад Жавад Зариф Американын Иранга каршы кастык мамилесин айыптап, медициналык, экономикалык террорчулукка каршы күрөшүүгө дүйнө өлкөлөрүнө чакырык жасаган.

Комментарий жиберүү