Нью-Йорктогу медайымдар коргоочу каражаттардын жетиш сиздигене нааразычылык билдиришүүдө

Нью-Йорктогу ооруканалардын биринде  бир катар медайымдар оорукананын алдына нааразычылыкка чыгып, медициналык кызматкерлердин жеке коргоочу каражаттарын көбөйтүүнү талап кылышты.

Бул тууралуу “Fars News”  агенттиги кабарлады.

Америкада коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүп, медициналык каражаттар жетишсиз болуп жаткан учурда Нью-Йорктогу бир катар медайымдар  беткап, колкап сыктуу коргоочу каражаттардын жетишсиздигине нааразычылык билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нью-Йорктун Бронкс районундагы ооруканалардын биринин алдында өткөн нааразычылыкта медайымдардын бири медкызматкерлер беткаптардын жетишсиздигинен улам аны көп жолу колдонууга аргасыз болуп жатышканын билдирди. Ал “Reuters” агенттигинин журналистине аларга бир күндө бир гана беткап берилерин айтып, мындай нерсе кабыл алынгыс экенин жана адатта, бир күндө көп беткап   алмаштырыш керек экенин билдирди. “Оорукананын расмий өкүлдөрү беткаптарды кайрадан стерилизация кылгыла деп жатышат. Бул процесстин натыйжалуулугу илимий жактан далилденген эмес”, – деди ал.

Нааразычылыкка катышкан башка медайымдар да коронавируска чалдыгуу коркунучу ооруканадагы медкызматкерлердин ишине терс таасирин тийгизип жатканын белгилешти. Медайымдардын дагы бири “Ооруга чалдыккандардын саны көп болгондуктан улам бир медайым 10 бейтапка кам көрүүдө. Өлүм тууралуу тынчсызданганда, ишибизге жетиштүү көңүл бура албай жатабыз”, – деди.

Азыркы учурда Америка медициналык беткап сыяктуу жеке коргоочу каражаттардын жетишсиздигине туш болуп, өлкөдөгү ар кайсы ооруканалардын медкызматкерлеринен бул каражаттарды бир нече жолу колдонууну суранышкан. АКШ дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны боюнча биринчи орунда турат.  Азыркы учурга чейин Кошмо штаттарында илдетке чалдыккандардын саны 245 миңден ашты.

Комментарий жиберүү