Рейтер агенттигинин Ирактагы кеңсеси жабылды

Ирактын Маалымат жана байланыштар министрлиги өлкөдө британиялык Рейтер агенттигин “жалган маалымат” тараткандыгы үчүн  жаап койду.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Ирактын Маалымат жана байланыштар министрлиги Рейтер агенттигинин иш алпаруусуна 3 ай мөөнөткө чейин тыюу салды.
Белгилей кетсек, Рейтер агенттиги Иракта корона вирусуна чалдыккандар жана көз жумгандар боюнча жалган маалымат бергендигине байланыштуу 3 айга жабылып, 25 млн. динар (ирак акча бирдиги) айып пул салган.
Эске салсак, Рейтер агенттиги мурдараак Ирак өкмөтү өлкөдө корона вирусун жуктургандар боюнча жашырып, так маалымат бербей жаткандыгын жазган.
Берилген маалыматтарга караштуу, учурда Иракта корона вирусун жуктургандар 9000ге жеткен жана бул илдеттен көз жумгандардын саны 1000ден ашык.

Комментарий жиберүү