Дамаск: Сионисттик режим Голандын табигый булактарын уурдоодо

Сириянын БУУдагы туруктуу өкүлү сионисттик режимдин басып алган Голанда өз шаарчаларын куруп, табигый булактарды тоноп жатканын эскертти.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Сириянын БУУдагы туруктуу өкүлү Hussam Eddin Ala атайын комитетке кат жолдоп, сионисттик режимдин басып алган аймактардагы кылмыштарына иликтөө жүргүзүлүүсүн талап кылды.

Анын айтымында, сионисттик режимдин күчтөрүнүн Сириянын басып алынган Голанында жүргүзгөн эксплуататордук саясаттары жарандык, саясий, экономикалык, коомдук жана элдин маданий укуктарын бузуу менен барабар.

Хисамуддин Ала өз сөзүндө Америка өкмөтүнүн сионисттик режимге көрсөткөн колдоосу алардын мыйзамсыз саясаттарына жана иш алпарууларына себеп болгонун кошумчалаган.

Белгилей кетсек, сионисттик режим 1967-жылы Сириянын Голан бийиктиктериндеги 200 км.кв. жерин ээлеп алып, кийин өз аймактарына кошуп койгон. Эл аралык коом бул кошууну эч убакта мыйзамдуу деп тааныган эмес.

БУУ дагы бул аракеттерди “мыйзамсыз”- деп жарыялаган.

Комментарий жиберүү