Иранда 69 миллиондон ашуун жаран COVID-19 вирусуна анализ тапшырды

ИИРдин Саламаттык Сактоо министрлиги корона вирусуна каршы күрөшүү долбоорунун алкагында өлкөдө 69 миллиондон ашуун жаран анализ тапшырышканын билдирди.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Салматтык сактоо министрлигинин коомдук байланыштар департаментинин жетекчиси Киянуш Жаханпур 3-апрелде өлкөдөгү абал боюнча билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн 69 миллиондон ашуун жарандары коронавируска анализ тапшырышкан жана натыйжада 100 миңден ашуун бейтаптын анализи оң чыккан.
Белгилей кетсек, корона вирусуна каршы күрөшүүгө иштетилип чыккан улуттук мобилизаия долбоорунун жардамы менен бул вирус менен кайрылгандардын саны күндөн күнгө азаюуда.
Саламаттык сактоо министрлиги учурдагы оор  абалда АКШнын Иранга койгон санкциялары террорчулук менен барабар экенин белгилеп, АКШ тараптан сунушталган гуманитардык жардамдар калп экенин билдирди.
 Эске салсак, Иранда коронавирустан айыгып чыккандардын саны 18000ге жетти жана көз жумгандардын саны 3294 бейтапты түздү.

Комментарий жиберүү