Орусия АКШга коронавирусту аныктоочу тест системаларын берди

Орусиянын түздөн-түз инвестиция фонду”Cоvid-19″ вирустук инфекциясын текшерүү үчүн орсу-япон тест системаларын АКШга жеткирип берди.

Бул тууралуу «Sputnik News» агенттиги кабарлады.
Орусиянын түздөн-түз инвестиция фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев “CNN” каналы менен болгон маегинде, өлкөсү коронавирус менен күрөшүп жатканына жана бул илдет дүйнөлүк көйгөй экенине токтолуп, “Биздин АКШга колдоо көрсөткүбүз келип жатат. Америкага биз дүйнөдөгү эң мыкты деп эсептеген тест системаларын жеткирип бердик. Биз саатына 20 бейтапты текшере алган япон-орус мобилдик тесттери тууралуу айтып жатабыз”, – деди.
Ошондой эле, Кирилл Дмитриев коронавирусту жеңүү үчүн өлкөлөр биргелешип иштешерине ишенерин билдирди.

Комментарий жиберүү