Сандерс: Америкада дарыгерлердин коопсуздугуна атайын жабдыктар жетишсиз

Америка президенттигине талапкер болгон демократттардын лидери өлкөдө корона вирусуна каршы күрөшкөн дарыгерлерди сактоочу жабдыктар жетишсиз экенин билдирди.

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Вермонт штатынын сенатору Берни Сандерс өзүнүн Твиттер баракчасында өлкөдөгү абал боюнча билдирди.
Анын айтымында, корона вирусу менен күнү-түнү алышып жатышкан дарыгерлер менен медайымдарга вирустан коргонуучу атайын кийимдер жана башка жабдыктар жетишсиз болуп жатканы үрөй учураарлык көрүнүш.

“Ушундай оор кырдаалдагы мезгилде алдыңкы катарда болуп COVID-19 вирусу менен алпурушуп жатышкан дарыгерлер менен медайымдардын коргонууга шарттары болбогону үрөй учура турган көрүнүш”,- деп жазды Сандерс.

Ал ошондой эле Дональд Трамптан бул жетишсиздикти тез арада жоюсун талап кылды.
Эске салсак, мурдараак Американын дарыгерлери да медициналык кызматкерлер  мындай жетишсиздиктер боюнча коомго билдиришкен.

Комментарий жиберүү