Америкада коронавирустан көз жумгандардын саны 9000ден ашты

Америкалыктар корона вирусу пандемиясынан улам жапырт курал-жарак сатып алышууда.

Бул тууралуу TASNIM агенттиги al-Jazeera каналына шилтеме берип маалымдады.
Белгилей кестек, Америкада акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан көз жумгандардын саны 1340 бейтапты түзүп, бардыгы болуп 9000ден ашты.
 Ал эми Жон Хопкинс ЖОЖунун берген статистикасы боюнча, корона вирусунан көз жумгандар бүгүнкү күнгө 9171 бейтапты түзсө, бардыгы болуп жуктургандардын саны 323516 адамга жеткен.
Америкадагы  корона вирус пандемиясы тургундар арасында коркунуч жана дүрбөлөң жаратып, курал-жарактарга болгон суроо-талаптарды көбөйттү.

Эске салсак, Америка президенти Дональд Трамп бул абал боюнча билдирүү жасап, жарандар мындан да жаман күндөргө даяр болууларын эскерткен.

Комментарий жиберүү