Месси коронавируска каршы күрөшүү үчүн Аргентинага 500 миң евро берди

Месси коронавируска каршы күрөшүү үчүн Аргентинага 500 миң евро берди

Лионель Месси коронавируска каршы күрөшүү үчүн өз мекенине 500 миң евро жардам кылды. «Sputnik News» агенттиги “tycsports.com” сайтынын маалыматына ылайык, Аргентина курама командасы менен Испаниянын “Барселона” клубунун чабуулчусу Лионель Месси коронавируска каршы күрөшүү үчүн медициналык шаймандарды жана коргонуу каражаттарын сатып алуу үчүн өлкөсүнө 500 миң евро өлчөмүндө акча каражатын бергенин маалымдады. Маалыматка ылайык, Лионель Месси бөлгөн акча каражатына сатылып алынган медициналык жабдуулардын бир бөлүгү азыркы учурда коронавируска каршы күрөшүүдө өлкөнүн ооруканаларында пайдаланылып жатат. Буга чейин, орусиялык…

Прочитайте больше

Террорчулар Сириянын үч облусундагы калктуу аймактарга кол салышты

Террорчулар Сириянын үч облусундагы калктуу аймактарга кол салышты

“Жабхат ан Нусра” террордук тобу Сириянын Идлиб, Алеппо жана Латакия облусттарынын калктуу шаарчаларын бомбалашты. «Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын Сириядагы касташып жаткан тараптарды элдештирүү борборунун жетекчиси Олег Журавлев “Жабхат ан-Нусра” террордук тобу  Идлиб, Алеппо жана Латакия облусттарынын калктуу аймактарына кол салышканын маалымдады. Акыркы бир күндүн ичинде Сириядагы Түркиянын көзөмөлүндөгү мыйзамсыз куралдуу топтор тарабынан ок атуулар болгону катталган эмес.

Прочитайте больше

Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу өлкө катары кирет

Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу өлкө катары кирет

Өзбекстан парламентинин жогорку палатасы 11-майдагы төртүнчү жыйынында өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) «байкоочу өлкө» катары катышуусу тууралуу өкмөттүн сунушун жактырды. Бул тууралуу сенаттын басма сөз кызматы билдирди. 28-апрелде бул сунушту Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары колдогон. Эми президент Шавкат Мирзиёев өзүнүн жарлыгы менен Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу өлкө катары кирер-кирбеши боюнча чечим чыгарышы керек. Өлкө башчы 24-апрелде парламентте жасаган билдирүүсүндө өкмөт Евразия Экономикалык Биримдиги менен кызматташууну карап жатканын, Өзбекстан чыгарган өндүрүмдүн 80% Бажы Биримдигине…

Прочитайте больше

Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла Ооганстандагы бийликти бөлүштүрүү жөнүндө макулдашышты

Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла Ооганстандагы бийликти бөлүштүрүү жөнүндө макулдашышты

Ооганстандын учурдагы президенти Ашраф Гани жана анын саясий атаандашы Абдулла Абдулла акыр-аягы өлкөдө бирдиктүү өкмөт түзүү боюнча макулдашууга жетишишти. Бул туурасында ооган президентинин сарайындагы бир маалымдар булак билдиргенин “Mehr News” агенттиги “Sputnik” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Маалымдар булактын билдирүүсүнө караганда, Ооганстандын аткаруу бийлигинин мурдагы башчысы Абдулла Абдулла мындан ары бийликтин маанилүү жана негизги чечимдерине каршы болбойт же аларга каршы добуш бербейт. Абдулла Абдулла Ашраф Ганини президент катары расмий тааныйт. Маалымдар булактын айтымында, бул өлкөнүн тынчтык жараянындагы лидерликтин…

Прочитайте больше