Месси коронавируска каршы күрөшүү үчүн Аргентинага 500 миң евро берди

Лионель Месси коронавируска каршы күрөшүү үчүн өз мекенине 500 миң евро жардам кылды.

«Sputnik News» агенттиги “tycsports.com” сайтынын маалыматына ылайык, Аргентина курама командасы менен Испаниянын “Барселона” клубунун чабуулчусу Лионель Месси коронавируска каршы күрөшүү үчүн медициналык шаймандарды жана коргонуу каражаттарын сатып алуу үчүн өлкөсүнө 500 миң евро өлчөмүндө акча каражатын бергенин маалымдады.

Маалыматка ылайык, Лионель Месси бөлгөн акча каражатына сатылып алынган медициналык жабдуулардын бир бөлүгү азыркы учурда коронавируска каршы күрөшүүдө өлкөнүн ооруканаларында пайдаланылып жатат.

Буга чейин, орусиялык футболчу Владимир Рыков Новосибирскидеги дарыгерлерге бекер тамак бергени маалымдалган эле.

Комментарий жиберүү