Хейдар аль-Ибади: америкалык күчтөрдүн Ирактан чыгарылуусу анык маселе

Ирактын экс премьер-министри, парламенттин “ан-Наср” фракциясынын президенти америкалык күчтөрдүн өлкөдөн чыгарылуусу анык экенин билдирди.

 IRINN агенттигинин маалыматына ылайык, Ирактын экс премьер-министри Хейдар аль-Ибади “аль-Фурат” телеканалына маек берди.
Ал өз маегинде шейит генерал Касем Сулейманини эскерип, ал ИШИМге каршы күрөшкөн бардык “жихадчы” топтор менен олуттуу жана достук байланыштарда болгонун айтты.

Экс премьер-министр “Хашад аш-Шаъби” ыктыярдуу тобу өлкөнүн расмий аскери болуп эсептелээрин билдирип, америкалык күчтөр парламенттин чечиминен кийин өлкөдөгү иш алпарууларын таштап чыгуулары анык маселе экенин тактады.

Комментарий жиберүү