Лавров Американын Орусия менен Кытайды айыптоолорун катуу сындады

Орусия ТИМнин жетекчиси Америка менен шериктештерин коронавирус пандемиясынан пайдаланып, Москва менен Пекинге каршылашууларын күчөтүүсүн айыптады.

Бул тууралуу Tasnim News Sputnikке шилтеме берип маалымдады.
Орусия ТИМнин жетекчиси Сергей Лавров ШКУга мүчө болгон өлкөлөрдүн ТИМ жетекчилеринин отурумунда сөз сүйлөдү.

“Америкалык шериктештерибиз коронавирус пандемиясына карабастан, каршылашууларын улантып жатышат. Алар учурдагы кырдаалдан пайдаланып, өзүлөрүнүн көз караштарын жана мыйзамдуулук деп атаган келечектеги дүйнөлүк тартип үчүн өздөрү каалаган версиясын колдонушат. Белгилүү болгондой, алар ушул эрежелерди өздөрү ойлоп табышкан”,-деди Лавров.

Орусиянын ТИМ жетекчиси сөзүн мындай деп улантты: “Кытай Эл Республикасына жана Орусия Федерациясына каршы негизсиз айыптоолор айтылды. Айрым өлкөлөр коронавирус пандемиясына байланыштуу бир тараптуу санкциялардын токтотулушун талап кылышууда. Бирок бул талаптар аткарылган жок жана дары-дармек, жабдыктар жана тамак-аш сыяктуу гуманитардык жардамдын жеткирилүүсүнө чектөө киргизилди.”

Лавров ошондой эле Вашингтондун көзкарандысыз тышкы саясат жүргүзүп жаткан өлкөлөргө кысымын күчөтүп жаткандыгын жана АКШнын Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмун сынга алганын айыптады.

Эске салсак, жакында эле АКШнын бир катар сенаторлору Кытай коронавирустун келип чыгышы жөнүндө Ак үйгө толук маалымат бере албаса, санкция киргизүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун иштетүүнү  сунушташкан.

Комментарий жиберүү