CNN: Трамптын коронавируска каршы күрөшүнө нааразы болгондор көбөйдү

Американын бир маалымат каражаты президенттин илдетке каршы аракетине нааразы болгон тургундар күндөн күнгө көбөйүп жатканын жарыялады.

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Американын CNN телеканалы өлкөнүн жарымынан ашык жарандары Дональд Трамптын иш алпаруусуна нааразы экенин билдирди.
Белгилей кетсек, 8-10 майларда өткөрүлгөн сурамжылоого кокустан катышышкан 1112 жогоку курактагы тургундардын 55%ы президенттин корона илдетине каршы иш алпаруусун катуу сындашкан.
 

Ал эми бул  көрсөткүч өткөн айда 52%ды түзсө, март айында 48% болгон. Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын 36%ы Дональд Трамп өлкөдө корона пандемиясы боюнча толук жана ишенимдүү маалыматтардын таралуусуна тоскоолдук жаратып жатканын билдиришкен.

Эске салсак, Трамптын өкмөтү Америкада COVID- 19 илдети башталган алгачкы апталарда зарыл чараларды көрбөстөн, создуктуруу менен иш алпаруусу көпчүлүктүн сын пикирлерин жараткан.

Учурда Америкада 1,4 млн. тургун корона илдети менен катталышкан жана 81 миң адам бул илдеттен көз жумган.

Комментарий жиберүү