Дүйнө жүзүндө коронавирустун курмандыктарынын саны 300 миңден ашты

Акыркы статистика боюнча, 14-майга карата дүйнө жүзүндө COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны  302 миңге жетти.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны дагы деле өсүүдө. Ооругандардын жалпы саны 4 миллион 502 миңге жетип, 1 миллион 700 миндей бейтап айыкты.

Коронавирус жуктурган жана каза болгон адамдардын саны боюнча Америка дагы деле биринчи орунда. Бул өлкөдө илдетке кабылгандардын саны  1 миллион 450 минге жетип, 86 минден ашуун адам көз жумду. Вирус жуктургандар саны боюнча Испания экинчи орунда турат. Анда ооругандардын саны 272 миңге жетип, 27 миңден ашуун адам көз жумду.

Акыркы күндөрү коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүп жаткан Орусияда жалпы ооругандардын саны 252 миңге жетип, вирус жуктургандар саны боюнча үчүнчү орунда турат. Акыркы статистика боюнча, бул өлкөдө вирустан 2305 киши көз жумду.

Комментарий жиберүү