Коронавирус: Тажикстанда абал оорлоп баратат

Күн өткөн сайын Тажикстанда коронавирустун белгилери байкалган байтаптарды ооруканаларга жайгаштыруу оорлоп баратат.

Орундардын жетишсиздигинен медициналык жайлар абалы оор бейтаптарды гана кабыл алууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, өлкөдө COVID-19га чалдыккан бейтаптарды дарылай турган 5 миң 284 орундуу 30 гана оорукана бар. Ушу тапта Душанбеде вирус жуктурган бейтаптар үчүн 3 миң орундуу убактылуу оорукананын курулушу башталганы кабарланууда.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мирхамуддин Камолзода өлкөдөгү ооруканалар бейтаптарды кабыл алууга даяр экенин, бирок аларда «коронавирустун ачык белгилери» болушу керектигин билдирди.

Ал арада тажик лидери Эмомали Рахмон бардык облустардын губернаторлору менен телефон аркылуу байланышып, медицинанын сапатын жакшыртуу боюнча тапшырма берди.

Расмий акыркы маалыматтар боюнча, Тажикстанда COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 800 кишиден ашты.

Ал эми Тажикстандын кыргыздар көп жашаган Жерге-Тал районунда COVID-19дан өлгөндөр көбөйгөнү айтылган. Бирок расмий маалымат бериле элек. Анткен менен эл арасында түрдүү сөздөр жүрүүдө. Бейрасмий маалыматтарга ылайык, коронавирустан 20дай адам каза болгон. Алардын дээрлик өпчүлүгү тажик айылдарында. Бул – ал жакта жашаган кыргыздарды да кооптондуруп жатат.

Жерге-Тал жана Мургап райондорунда коронавируска текшерүү үчүн тест системалары жок болгондуктан, башка райондорго барып текшерилүүнү сунушташкан. Бирок ага баргандар жок экени айтылууда.

Тажикстан коронавирустун өлкөдө катталганын дээрлик 2 ай жашырып келди. 30-апрелде гана алгачкы 15 адамдан чыкканын жарыялаган. Бул – ДССУнун өкүлдөрү Тажикстанга вирустун бар же жок экенин текшерүүгө бараардын алдында айтылган. Ага чейин бир канча шектүү өлүмдөр болгону, коомчулукта ишенбөөчүлүккө түрткөн.

Комментарий жиберүү