ХАМАС: Мекен коргоочулардын колдору сионисттердин согушуна каршы ачык турушу керек

Палестина исламдык каршылык көрсөтүү кыймылы сионисттик режимдин Батыш жээктин айрым жерлерин аннексиялоо планына каршы туруу үчүн, мекен коргоочулардын колдору ачык болушу керектигин баса белгиледи.

Fars News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Палестинанын оккупацияланган аймактарын аннексиялоо планына каршы туруу үчүн мекен коргоочулардын колдору толугу менен ачылышы керек деди.

“Египеттин сионисттер менен кыйыр сүйлөшүүлөрүбүздө ортомчулук кылуусу ХАМАС менен оккупанттардын ортосунда туткундарды алмаштырууга багытталган”,- деди ал Аль-Жазира агенттигине берген маегинде.

Палестина исламдык каршылык көрсөтүү кыймылынын саясий бюросунун башчысы оккупанттар ХАМАСтын туткундарды алмаштыруу келишимин түзүү талабына азырынча жооп бере элек деп билдирди.

Белгилей кетсек, Хания Сауд Аравиясындагы палестиналыктарды камакка алуу жана алардын ишин козгоо боюнча алардын кадамына да токтолгон. Ал ошондой эле бул өлкөдө палестиналыктардын кармалгандарынын сот жараяны өкүнүчтүү болгонун жана палестиналыктардын Сауд Аравиядагы иш-аракеттери кайрымдуулук гана болгонун айтты.

Комментарий жиберүү