Н.Мадалиев: «Палестина маселесин чечүү үчүн мусулман дүйнөсү эң оболу биригиши зарыл”

22-майда дүйнө жүзүндө Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү жана 1979-жылы Ислам Революциясын ишке ашырган Имам Хомейнинин демилгеси менен негизделген  сионисттер тарабынан жери тартылып алынып, эли зордук-зомбулуктарга кабылып келаткан Палестинага моралдык колдоо катары Бүткүл дүйнөлүк Кудс күнү белгиленүүдө.

Бул иш чара Кыргызстанда кандай өткөрүлүп жатат? Биз бул суроого жооп алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, тарых илимдеринин кандидаты, юрист, Палестина маселесин иликтөө жана коргоо институнун жетекчиси Мадалиев Нуркамил Апишевичке кайрылдык.

-Нуркамил Апишевич, өзүңүз жакшы билгендей, жыл сайын Ыйык Рамазан айынын акыркы жума күнү Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни тарабынан Аль-Кудс күнү белгиленип келет. Бул иш чара Кыргызстанда кандай белгиленүүдө?

– Тилекке каршы коронавирус пандемиясына байланыштуу жыл сайын миллиондогон адамдардын жөө жүрүшү, аянттарга чыгуусу менен коштолгон бул иш чара быйыл онлайн түрүндө гана өткөрүлүп жатат. Андыктан Кыргызстанда 22-майда эл аралык деңгээлдеги онлайн-конференция өткөрүү белгиленген.  Жогоруда айтылган себептерден улам мамлекеттик деңгээлде болбогон менен коомдук деңгээлде ушундай иш чараны өтүүдө. Жалпы коомчулуктун көңүлүн Палестина маселесине бура албасак да, тиешелүү адистер өз чөйрөбүздө колдон келген аракетибизди жасап, пикирибизди билдирип жатабыз.

– Бирок жылдан жылга Палестина көйгөйү коомчулук арасында кеңири тарап жатат окшойт?

– Ооба, тарап жатат. Тилекке каршы жыл сайын Палестина мамлекети менен эли кыйынчылыктарга кабылып жаткандыгын да эске алып коюуга тийишпиз. Албетте, биздин мамлекет башчыларыбыз эл аралык уюмдарда өз позициясын билдиришүүдө. Коомдук уюмдардан болсо, белгилүү дин аалымы Кадыр Маликов эл аралык алкакта маалымат каражаттары аркылуу чыгып сүйлөп, макалаларын жарыялап, демилгелүүлүгүн көрсөтүүдө.

– Сиздин пикириңизде дүйнөлүк коомчулуктун Кудс маселесине карата саясаты кандай болууда?

– Мусулман дүйнөсүн,кээде формалдуу түрдө иш чараларды өткөрүп, пикирин билдирген Ислам конференциясы сыяктуу  уюмдарды айтпай эле коёюн, БУУ баш болуп, эл аралык уюмдар  Израилдин аракеттерин сындап эле атышат.  Тилекке каршы булардын аракети курулай сындоо, кагаз жүзүндөгү чечимдер менен гана чектелип калууда. Кала берсе маалымат каражаттары да Батыштын ММКларындай элди ишендирген деңгээлге жетпей жатышат. Ошондуктан бизге деле эң оболу маалымат саясатын жолго коюу зарылчылыгы жаралууда. Чындыгын айтканда, ушундай маалыматтын жетишсиздигинен элдин 70-80 пайызы, балким андан көбү деле Израил менен Палестинанын борбор шаарын билишпейт. Мисалы, Американын Израилдин борбору катары Иерусалимди (Кудс) борбору катары таануусу биздин коомдо анчалык деле реакция жаратпай, бул чечимдин келечектеги кесепети кандай болору билинбей өтүп кетти.

– Жеке өзүңүздүн баамымыңызда ошол эле Иерусалимди Израилдин борбору катары таануу жана башка Палестинанын тегерегиндеги процесстер канбай багытка өзгөрүүдө?

– Россиялык, ошол эле америкалык конфликтологдордун катышуусундагы талкууларда Палестина маселеси сөз, каршылык пикирди айтып коюу менен эле чечилиши кыйын экендиги айтылган. Менин учкай болсо да Израилдин өзүнүн элинин жок дегенде жарымынын пикири  Палестинага карата аярлуу экендигин билемин. Бирок адатта биз мамлекеттин расмий билдирүүсү менен саясатын гана абсолюттук чындык катары кабыл алып көнүп калганбыз.

Палестина көйгөйүнүн  тарыхы узак болгондой эле, аны чечүү үчүн да узак убакыт талап кылынат. Баарыбыз көрүп, билип тургандай, Израиль Палестинанын жерин күч, армия менен тартып алып жатпайбы. Эли болсо биримдикте. Ал эми араб дүйнөсү чачкын, ынтымаксыз, ал тургай бири-бири менен душмандашып, ошол эле учурда АКШ, Израил менен достошуп жаткандыгы, караңгылыгы Палестина маселесинде жеңилүүгө алып келип коюуда. Ошондуктан эң оболу элдин билим деңгээлин, мекенчилдик сезими менен ынтымагын көтөрүү керек. Ошол билим күчкө айланганда гана бул маселе чечилиши мүмкүн. Анан жөн эле чогулуш, конференция өткөрүү менен жеңишке жетүү кыйын деп ойлоймун. 400 млн. калкы бар Араб дүйнөсүнөн 5-6 млн. эли бар Израилде китеп көбүрөөк чыгат. Көрбөйсүңөрбү, билим деңгээлдин айырмасын. Кыскасы, алыскы келечекти белгилеген стратегияны аныктап гана иш жүргүзүү талап кылынат. Америкалыктар менен европалыктар тарткан араб-израил согуштарында эмнеге израилдиктер жеңип, араптар жеңилип калгандыгы тууралуу, израилдиктер кантип жеңип алгандыгын чагылдырган фильмдерди көрүп, анализдеп, комплекстүү анализ жасаш керек. Алгач араптар сандык, аймактык жактан басымдуулук кылгандыктан улам жеңебиз деп ойлошкон. Бирок иш жүзүндө андай болгон жок да.

Азыркы мезгилде Израил ядролук куралы бар мамлекетке айланып калды. Биз, мусулман мамлекеттери мылтык чыгара албай жатпайбызбы. Жакынкы Чыгыш мамлекеттери велосипед да жасай албайт.  Мисалы, Израил Египеттин авиациясын учурбай туруп талкалагандыгын коргоо министри айтып атпайбы, “биз бул операцияга 16 жыл даярданганбыз”,- деп. Биздикилер болсо экинчи бурулушка жеткенде эле баса калып жеңебиз деп ойлошот. Кыскасы, жалпы көз караш менен мамилени өзгөртүш керек. Азыр биздин душмандарыбыз орусча айтканда “Разделяй и властвуй” деген принцип менен жеңип жатат. Башкача айтканда, биз ички душмандар менен эле еүрөшүп, буламыгыбыз чыгып калууда. Мисалы, мусулмандардын арасында шиит менен суннит агымдарын бириктирүүнүн ордуна, ажырым жаратууга көбүрөөк басым жасалууда. Демек, бул пропаганданы сырттан душмандарыбыз таңуулап жатат. Мунун баары мурдубуздан алысты көрө албаган билимсиздик. Кадыр Маликовдон башка дин аалымдарыбыз Палестина маселесин өздөрү жакшы билишпейт. Чубак ажы болсо, көпчүлүк учурда шиит, Агахан темасын сүйлөйт. Менимче бул аалым караңгы эмес, буюртма менен иштейт…

Эгерал канчалык шииттерге каршы сүйлөсө, ичибизде эле душмандарыбыз үчүн даяр жоокерлер даяр болуп калат. Көрдүңүзбү, кандай кылдат саясат жүргүзүлүп жатат. Ошондуктан мен светтик билими бар адамдардын башын бириктирип, бул маселени талкуулаш керек деп көп айтам. Ал эми диний билими барлардын деңгээли Палестина көйгөйүн талкуулоого жете бербейт. Дагы бир аалымыбыз Абдышүкүр ажы Нарматовдун коронавирус жөнүндө айтканы, билими ошол болсо, калганы түшүнүктүү да. Мунайынан башка байлыгы жок мамлекеттердин мусулман дүйнөсүнүн борбору болот дегенден башка пропагандасы жок. Мунун баары алдын ала берилген буюртма. Ошол эле учурда Иран илим, техника жаатында тездик менен өнүгүп жатат.  Мен көптөгөн мусулман аалымдарынын эмгектерин окудум, алардын биринде да шииттерди, Агаханды жамандаган эмес. Анан Чубак ажыга гана көрүнүп калат экен. Кээде светтик билими барларда деле нигилизм үстөмдүк кылып кетүүдө.

Маектешкен Арген Бактыбек уулу,

Даярдаган Эмилбек Момунов.

Комментарий жиберүү