Палестина АКШнын Борбордук чалгын кызматы менен дагы кызматташтыкты токтотту

Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун аткаруу комитетинин катчысы Палестина  америкалыктар менен маалымат алмашуу жаатындагы кызматташтыкты расмий түрдө токтотконун маалымдады.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. “Al-Quds Al-Arabi” басылмасы маалымдагандай, Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун аткаруу комитетинин катчысы Саиб Арикат Палестина мындан ары АКШнын Борбордук чалгын кызматы (ЦРУ) менен маалымат алмашпайт деп билдирди.

Ал Палестина бул чечимди америкалыктарга билдиргенин белгиледи. Анын айтымында, мындай чечим Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас ушул жуманын бейшемби күнү Батыш жээктин бөлүктөрүнүн аннексияланышына жана басылып алынышына нааразычылык билдирип, Израил жана АКШ менен коопсуздук жаатындагы байланыштарды токтотконун жарыялагандан кийин кабыл алынды.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху “Кахоль Лаван” саясий альянсынын башчысы Бени Ганц менен кызматташып, расмий түрдө Батыш жээктин 30 пайызын ээлеп, аны режимдин аймагына кошууну көздөп жатат.

Комментарий жиберүү