Сионизм вирусу түп-тамырынан жок кылынат

Руханий лидер: Палестинанын боштондугу үчүн күрөшүү “Аллах жолундагы жихад” болуп саналат.

Fars News агенттигинин саясий кабарчысы билдиргендей, Бүткүл дүйнөлүк Аль-Кудс күнү менен бирге мусулмандардын Руханий лидери Азирети Аятолла Хаменеи Ислам Үммөтүнө кайрылып түз эфирден сүйлөдү.


Ички жана эл аралык ЖМКаларда жарыяланган Ыңкылабдын Жогорку Лидеринин сүйлөгөн сөзүнүн тексти төмөнкүчө:
Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен.
Ааламдардын Раббиси Аллахга чексиз мактоолор болсун жана Мухаммад менен анын үй-бүлөсүнө салам жана салавааттар багышталсын.
Дүйнө жүзүндөгү бардык мусулман бир туугандарга салам жолдоп, Кудайдын ыйык Рамазан айында алардын ибадаттары кабыл болуусун тилейм. Бардыгыңарды алдыдагы Орозо айт майрамыңар менен куттуктайм жана ушул Орозо айына бизди мейман кылганы үчүн Кудайга ыраазымын.

Кудс күнү – бардык мусулмандардын жалпы каршылык көрсөтүү күнү

Бүгүн Кудс күнү; Имам Хомейнинин (Алла ага ыраазы болсун) демилгеси менен бардык мусулмандарга Ыйык Кудс жана эзилген Палестинаны жалпы түрдө эске алууга белгиленген күн. Палестина маселесинин улуулугун унутууга мүмкүн эмес.
Элдер Кудс күнүн кубатташты жана биринчи милдет катары Палестина эркиндигинин желегин көтөрүү менен белгилешти. Державалар менен сионизмдин негизги саясаты – бул Палестина маселесин мусулман коомчулугунун көңүлүнөн алаксытуу жана аны унуттуруу. Ал эми биздин эң актуалдуу милдетибиз – Ислам өлкөлөрүндөгү саясий жана маданий жалданмачыларга, чыккынчылыкка каршы күрөшүү. Палестина маселесинин улуулугун, мусулман элдеринин өсүп жаткан ынталуулугун, өзүнө болгон ишенимин эстен чыгарууга мүмкүн  эмес; Бирок Америка Кошмо Штаттары жана башка гегемондор жана регионалдык жалданмалар бул үчүн бардык күчүн жумшап жатышат.
Алгы сөз, Палестина мамлекетин басып алуу трагедиясын жана ал жерде пайда болгон сионисттик рак илдетин эске салуу. Азыркы учурдагы адам кылмыштарынын арасында мындан өткөн зор жана оор кылмыш жок.
Урпактарды жана муундарды кыруу ондогон жылдар бою созулуп,  бир тарыхый кылмышка айланды. Бир өлкөнү басып алуу жана адамдарды өз үйлөрүнөн жана ата-бабаларынын жерлеринен биротоло кууп чыгуу, чындыгында адамдын табиятындагы эң жапайы согуштун рекорду болду.
Бул трагедиянын негизги күнөөкөрү Батыш өкмөттөрү жана алардын шайтан сыпаттуу саясаты. Биринчи Дүйнөлүк Согуштун баштоочулары Батыш Азия чөлкөмүн, тагыраак айтканда Осмон империясынын Азия аймагын согуштун эң чоң олжосу катары Париж конференциясында өз ара бөлүп алышкан. Кийин өз үстөмдүгүн улантуу үчүн аймактын жүрөгүндө коопсуз базаны түзүүнү максат коюшкан.

Сионисттик улутсуз мамлекет

Көп жылдар бою Англия Бальфурдун планы үчүн атайын шарттарды даярдап, еврей зергерлеринин жардамы менен “сионизм” деп аталган негиз даярдаган. Кийин иш жүзүнө ашырууга негиздер түзүлдү. Ошол жылдардан тартып алар акырындык менен алдыга чыгышты. Акыры, Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийин, чөлкөмдүн өкмөттөрүнүн шалаакылыгын пайдаланып, аймакка сокку уруп, жасалма режимди жана сионисттик улутсуз мамлекетти жарыялады. Максаты – алгач Палестина эли, андан кийин аймактагы бардык элдер эле.

Сионисттик өкмөттүн максаты

Сионисттик өкмөттүн максаты – аймакта үстөмдүк кылуу үчүн туруктуу база түзүү болчу. Региондогу кийинки окуяларга көз чаптырып көрсөк, батыштык жана еврей магнаттарынын сионисттик мамлекетти түзүүдөгү негизги жана түздөн-түз максаты; Батыш Азияда туруктуу катышуу жана таасир берүү үчүн  атайын база түзүү болгон.  Ошондой эле маселелерге тез кийлигишүүгө  мүмкүнчүлүк алуу менен региондогу мамлекеттерге, өкмөттөргө үстөмдүк кылуу эле.  Ошентип, алар жасалма жана баскынчы режимин жаратып, аларды бардык куралдар – аскердик, атүгүл өзөктүк курал менен жабдып, аларды Нилдеги Евфрат дарыясына чейин рак бездериндей жайылуусун камсыздаган. Көпчүлүк араб мамлекеттери тилекке каршы биринчи эле күрөшүүдөн соң артка чегиништи. Айрыкча АКШнын маселени чечүүдө модератор катары кийлигишүүсүнөн соң, бардыгын унуткарышты.

Араб мамлекеттеринин көпчүлүгү биринчи каршылыктан кийин акырындык менен багынып беришти, алардын айрымдары таң калыштуу болду, айрыкча, Америка Кошмо Штаттары келгенден кийин, адамдык, исламдык жана саясий милдеттерди, ошондой эле арабдардын ынталуулугун жана намысын сатышты. Жалган үмүттөр менен алар душманды максаттарына жетүүгө жардам беришти. Кэмп-Дэвид бул ачуу чындыктын ачык мисалы.

Палестинанын тыянаксыз жана ачуу диалогдору

Биринчи жылдардагы бир нече жан аябастык аракеттерден кийин, согушчандардын топтору акырындык менен баскынчы жана анын жактоочулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз нугунан бурулуп кетишти. Алардын пайдасыз, узакка созулган сүйлөшүү жүргүзүүлөрү Палестинанын эркиндигине жетүү максатынан алыстатты.

АКШ жана Батыштын башка өкмөттөрү, ошондой эле эл аралык ылайыксыз агенттиктери менен болгон диалогдору Палестина үчүн ачуу жана ийгиликсиз тажрыйба болуп саналат. Зайтун бутагынын БУУнун Башкы Ассамблеясында көрсөтүлүшү зыяндуу Осло келишиминен башка эч нерсе алып келген жок, акыры Ясир Арафаттын сырдуу тагдыры менен аяктады.

Ирандагы Ислам Революциясынын көтөрүлүшү Палестина үчүн күрөштүн жаңы барагын ачты

Иранды коопсуз жайлардын бири деп эсептеген сионисттик элементтерди кууп чыгаруу шартын “Каршылык фронту” түзгөн. Каршылык фронтунун пайда болушу менен сионисттик режимдин иши ого бетер татаалдашты.

Ливанда Хезболланын ишенимдүү, жаш жана жан тайманбас күчтөрүнүн пайда болушу, ХАМАСтын жана Палестина чек араларында Исламдык Жихаддын топторунун түзүлүшү сионисттик лидерлерди гана эмес, АКШны жана Батыш согушкерлерин дагы тынчсыздандырды.
Ушунун негизинде Палестина маселесине кайдыгер эмес адамдардын бардыгына төмөнкүлөрдү сунуш кылгым келет:

Палестинаны боштондукка чыгаруу үчүн күрөштө жеңишке жетүүгө кепилдик берилет

1. Палестинаны боштондукка чыгаруу үчүн болгон күрөш – Аллах үчүн жихад жана Исламдык милдет. Мындай күрөштө жеңишке жетүүгө кепилдик берилет, анткени эгер жихадчы өлтүрүлсө дагы, эки жакшылыктын бирине жетет… (Куран; 9:52)
Мындан тышкары, Палестина маселеси – бул гумандык маселе. Миллиондогон адамдарды үйлөрүнөн, жашаган жерлеринен жана жумуштарынан куржалак калтыруу, анан дагы адам өлтүрүү, жынаяттык менен өлүмгө кыюу ар бир адамдын жүрөгүн эзет жана эч бир адамды кайдыгер калтырбайт, ал эми намыстууларды ага каршы күрөшкө чыгарат. Палестина бир гана араб маселеси менен чектелбейт жана бул исламдык -гумандык маселеге көз жумуу туура эмес.

Палестинаны деңизден дарыяга чейин бошотуу жана бардык палестиналыктарды өз өлкөсүнө кайтаруу

2. Бул күрөштүн максаты – Палестина жерин толугу менен – деңизден дарыяга чейин  бошотуу жана бардык палестиналыктарды өз мекенине кайтаруу. Анын бул жердин бир бурчунда кичинекей мамлекет катары калыптанышына, ал дагы басмырлоо ыкма менен маселени кичирейтүү сионисттердин орой адабиятында эске салынаарын билебиз, анда эч кандай  мыйзамдуулуктун белгиси жана акыйкатты издөөнүн кыпындай нышааны жок.Чындыгында, бүгүнкү күндө миллиондогон палестиналыктар ушул улуу жихадга күч-аракет жумшашып,  туура ой жүгүртүү, тажрыйба топтоо жана өзүнө ишенүү баскычына жетишти. Албетте, алар Аллахтын жеңишине ишенишет, анткени Куранда мындай деп айтылган: Аллах динине жардам бергендерге Өзү жардамын берет… (Куран;22:40)

3. Бул күрөштө кандайдыр бир мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде шариаттан пайдаланууга уруксат берилсе дагы, дүйнөлүк колдоодон пайдаланууга да мүмкүн болсо, Батыш өкмөттөрүнө, ошондой эле алардан көз каранды болгон дүйнөлүк жыйындарына ишенүүдөн алыс болушубуз керек.

Ислам жана араб өлкөлөрүндөгү жүз миңдеген шейиттерди, туткундарды жана дайынсыз жоголгон адамдар үчүн ким жооптуу? Кайсы эл аралык уюм жана кайсы жынаятчы держава бүгүнкү күнү террорчулукка, геноцидге, милитаризм, бомбалоо жана ачарчылыктарга жооп берип жатат?

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча коронавирустан курман болгондордун санын бирден-бирден эсептеп жатышат. Бирок АКШ жана Европага окшошгон согуш отун күйгүзгөн өлкөлөрдөн жүз миңдеген шейиттерге, туткунга алынган жана дайынсыз жоголгон адамдарга ким жооп берет деп эч ким сураган жок.

Ооганстандагы, Йемендеги, Ливиядагы, Ирактагы, Сириядагы жана башка өлкөлөрдөгү адилетсиз кан төгүүлөрүнө ким жооптуу?

Палестинада ушул кылмыштардын баарына, басып алуусуна, талкаланышына жана зулумдугуна ким жооптуу? Ислам дүйнөсүндөгү миллиондогон эзилген балдарды, аялдарды жана бейкүнөөлөрдүн өлүмүн эмне үчүн эч ким эсептебеген?
Эмне үчүн эч ким мусулмандардын кырылышына байланыштуу көңүл айтпайт? Эмне үчүн миллиондогон палестиналыктар жетимиш жыл бою үйүнөн алыс болуп, сүргүндө болушат? Мусулмандардын биринчи кыбыласы болгон ыйык Кудска  эмне үчүн акаарат келтирилиши керек?

Бириккен Улуттар Уюму өз ишин аткарбай жатат, адам укугун коргоочу уюмдар жоголуп жатат

Бириккен Улуттар Уюму өз ишин аткарбай жатат жана адам укугун коргоочулар өлтүрүлүп жатышат. “Балдардын жана аялдардын укугун коргоо” деген ураанга Йеменде жана Палестинада балдар жана эзилген аялдар кирбей калган. Мунун баары  Батыштын эзүүчү күчтөрүнүн жана дүйнөгө көз каранды ассамблеялардын абалы. Ошондуктан ынталуу жана динчил мусулман коому өзүнө жана ички күчүнө таянышы керек; Алар күчтүү колдору аркылуу Кудайга таянуу менен тоскоолдуктарды жеңе алышат.

4. Ислам дүйнөсүнүн саясий жана аскерий элиталары унутпашы керек болгон маанилүү жагдай, АКШ менен сионисттердин чыр-чатактарды Каршылык фронтунун артына өткөрүп берүү саясаты.
Сириядагы жарандык согуштун башталышы, аскерий курчоо, Йемендеги күндөлүк өлтүрүүлөр, террорчулук жана кыйратуу, Иракта ИШИМдин түптөлүшү жана башка ушул сыяктуу региондогу айрым тузактар каршылык фронтун алаксытып, сионисттик режимге мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат. Мусулман өлкөлөрүндөгү айрым саясатчылар душмандын ушул амалдарына билип-билбей көмөктөшүп жатышат.

Мусулман өлкөлөрүндөгү кээ бир саясатчылар сабатсыз, ал эми кээ бирлери душмандын ушул амалдарынан колдонушканын жакшы билишет. Бул зыяндуу саясаттын ишке ашышына жол бербөө жолу, негизинен, Ислам дүйнөсүнүн ар кайсы жерлеринен келген жаштардын ыктыярдуулугу. Бардык Ислам өлкөлөрүндөгү, айрыкча Араб дүйнөсүндөгү жаштар Улуу Имам Хомейнинин: “АКШга жана албетте, сионизм душманга бардык күчүңөр менен каршы тургула” деген кеңешине көңүл буруулары керек.

Американын региондо сионисттик режимди мыйзамдаштырууга жасаган аракеттери эч кандай натыйжа бербейт

5. Сионисттик режимдин региондо болушун нормалдаштыруу саясаты Америка Кошмо Штаттарынын негизги саясаттарынын бири. АКШнын чөлкөмдөгү кээ бир жалданма араб өкмөттөрү бул үчүн экономикалык шарттарын түзүп, сионисттик режим менен кызматташууда. Бирок, бул аракеттерден натыйжа чыкпайт.

Сионисттик режим бул – аймакка коркунучтуу жана зыяндуу тиркеме

Сионисттик режим бул – чөлкөмгө коркунучтуу жана зыяндуу тиркеме болуп саналат жана ал сөзсүз түрдө жок кылынат жана алардын саясатына кызмат кылат.
Бүгүнкү күндө коронавирус илдети чындык көрүнүш жана бардык аң-сезимдүү адамдар аны менен күрөшүү керек деп эсептешет. Ал эми сионизм илгертен бери келе жаткан вирус, албетте узакка созулбастан жаштардын күч-аракеттери, ишеними жана ынтаасы менен ушул аймактан жок кылынат.

Менин негизги кеңешим – күрөштү улантып, Палестина жеринде жихад чөйрөсүн кеңейтүү

6. Менин негизги кеңешим – күрөштү улантуу, жихад уюмдарын уюштуруу жана алардын бири-бири менен кызматташуусун күчөтүп, бүткүл Палестина жерлеринде жихад чөйрөсүн кеңейтүү.
Ушул ыйык жихадда ар бир адам Палестина элине жардам бериши керек. Ар бир адам палестиналык мушкерди колдоп, белин бекемдөөгө тийиш. Биз сыймыктануу менен ушул жолдо аракет кылабыз.

Күндөрдүн биринде биз палестиналык мушкер динге жана кайраттуулукка ээ экендигин, бирок анын бирден-бир көйгөйү куралдын жоктугу экендигин түшүндүк. Биз Аллахтын жардамы менен план түздүк, натыйжада Палестинадагы күч тең салмактуулукка  өзгөрдү жана бүгүн Газа сионисттик душмандын согуштук агрессиясына туруштук бере алат жана аны жеңе алат.

Оккупацияланган аймактардагы теңдеменин мындай өзгөрүшү Палестина маселесин мөмөлүү кадамдарга жакындатат. Палестина жетекчилиги бул жагынан чоң жоопкерчилик тартат.

Каардуу душман менен күч-кубаттуу абалда сүйлөшүү зарыл

Каардуу душман менен жылуу-жумшак сүйлөшө албайбыз. Кудайга шүгүр, Палестинанын эр жүрөк жана чечкиндүү элинде бул күч-кубат үчүн негиз бар. Бүгүнкү палестиналык жаштар өзүлөрүнүн кадыр-баркын коргогусу келет Палестинадагы ХАМАС жана Ислам жихады жана Ливандагы Хезболла мунун бардыгына далилдешти.

Сионисттик армиянын Ливандын чек араларын бузуп, Бейрутка жеткен күнү жана кылмышкер Ариэл Шарондун Сабра менен Шатилада кан төгүлө баштаган күнүн дүйнө унутпайт. Ошол эле армия Ливандын чегараларынан чыгып, оор жоготууларга учурап, Хезболланын катуу соккулары астында жеңилүүнү моюнга алып, ок атууну токтотууну сурануудан башка айла тапкан жок. Ал эми бир убакта Саддамдын режимине химиялык куралдарды сатуудан түбөлүккө уялышы керек болгон Европа өкмөтү Хезболланы, сыймыктанган мужахиддерди мыйзамсыз деп эсептеди.

Мыйзамсыз режим деп – ИШИМди чыгарган Америка Кошмо Штаттары сыяктуу режимге айтылышы керек. Ошондой эле  химиялык заттардын кесепетинен Ирандын Баны менен Иракта Халабжасындагы миңдеген адамдардын өлүмүнө себеп болгон Европадагыдай режимге айтылышы керек.

7. Акыркы сөз: Палестина палестиналыктарга таандык жана ал алардын эрки менен башкарылышы керек. Биз жыйырма жылга жакын убакыттан бери айтып келе жаткан Палестинадагы бардык диндердиин жана улуттарын өкүлдөрү  биримдикте өз өлкөсүнүн тагдырын чечиши керек.  Сөзсүз түрдө сионисттик система жоголушу керек жана сионизм өзү иудаизмдеги жаңычылдык жана ага толугу менен жат көрүнүш.

Генерал Сулейманини жана Абу Махди Аль-Мохандести жана Кудс шейиттерин эскерүү

Акырында, мен шейх Ахмад Ясин жана Фатхи Шагаги жана Сейед Аббас Мусавиден баштап Исламдын улуу колбашчысы жана каршылыктын унутулгус жүзүн, шейит Касим Сулейманини жана Ирактын улуу мужахиддери, шейит Абу Махди Аль-Мохандес жана башка шейиттерди эскерем. Биз үчүн намыс жана жихадга жол ачкан Имам Хомейнинин рухуна салам жолдойм, ошондой эле узак жылдар бою эмгектенген мужахиддердин бир тууганы, маркум Хуссейн шейх аль-Исламга Кудайдан мээрим сураймын.

Акырында, бардык урматтуу көрүүчүлөргө жана угармандарга быйылкы Кудс күнү кымбаттуу Касем Сулейманинин катышпаган биринчи ыйык күнү экендигин айткым келет. Аллах силердин Куран багыштооңор менен анын арбагын сүйүнтсүн.

Комментарий жиберүү