АКШ Кытайды “Covid-19” вакцинасынын уурдалышы боюнча айыптоодо

АКШ коронавируска каршы вакцинасы кытайдын тыңчылары тарабынан уурдалды деп шектенүүдө.

«Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О’Брайен Кытай мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу менен коронавируска каршы вакцинаны өндүрүү боюнча америкалык изилдөө жана технологияларга жетүүгө аракет кылууда деп билдирди.
Анын айтымында, АКШ коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыккан биринчи өлкө болот. Бирок Кытай америкалык илимпоздордун билимине жана изилдөөлөрүнө тыңчылык кылып жатат.
Роберт О’Брайен  “NBC” каналы менен болгон маегинде, “Алар бир нече жылдан бери американын руханий байлыгын уурдап жана жасалма америкалык технологияларды чыгарып келишет. Вакцина боюнча дагы ушундай ишке барышса, таң калбайм деле”, – деп баса белгилеген.
Андан кийин ал, Кытайды дагы бир жолу коронавирус жөнүндө маалыматтарды жашырган деп айыптап өттү.

Комментарий жиберүү