Кубанын президенти: Иран өз аракети менен Американын Венесуэлага койгон курчоосун сындырды

Куба өкмөтүнүн жетекчиси Твиттер баракчасында Иран акыркы аракети менен АКШнын Венесуэлага жасаган согуштук курчоосун сындырганын жарыялады.

TASNIM News агенттигинин маалыматына ылайык, Кубанын президенти Miguel Diaz-Connell 24-майда өзүнүн Твиттер баракчасында билдирүү жазды.
Белгилей кетсек, Ирандын  мунай ташыган 5 танкери Венесуэланын дарыяларына мунай жеткирген. Бул тууралуу Miguel Diaz-Connell Твиттер баракчасында: “Иран Американын кысымдарынан улам күйүүчү майдын жетишсиздигине кабылган өлкөнү баалап, көтөрдү”,-деп жазды.
Куба өкмөтүнүн президенти  Ирандын акыркы аракетине АКШнын Венесуэлага койгон кылмыштуу, кабыл алынгыс курчоолорун сындыруу менен барабар деп баа берген.
Ал ошондой эле: “Жашасын элдер арасындагы тилектештик”- деген хэштег менен айрыкча Америкага каршы биримдикке басым жасады.
Эске салсак, Венесуэланын расмий маалыматы 24-майда Ирандын мунай танкерлери Эль Палито порттук мунай иштетүүчү базасына жөнөтүлгөн.

Комментарий жиберүү