Хание: Палестинаны кайтарып алууга жана жеңишке аз калды

Исмаил Хание Орозо Айт майрамына карата Палестинанын жеңишине сөз берди.

TASNIM News агенттигинин маалыматына ылайык, Палестинанын Хамас кыймылы кеңесесинин президенти Исмаил Хание  Улуу Орозо Айт майрамы менен бардык Ислам үмөтүн куттуктады.

Белгилей кетсек, Исмаил Хание өзүнүн Твиттер баракчасында бул майрам менен бардык Ислам жана араб үмөтүн куттуктап, Палестинанын жеңишине жана палестиналык качкындардын мекендерине кайра кайтып келүүлөрүнө жакын калганын билдирди.
 

Ал Ошондой эле Орозо айт майрамы биринчи жолу Палестинадан тышкары жерде өтүп жатканын белгилеп, бардык палестиналыктарды, айрыкча Кудстун жана аль-Акса мечитинин тургундарын жана мусулмандардын алгачкы кыбыласынын коргоочуларын бул улуу майрам менен куттуктады.

Исамил Хание сөзүнүн уландысында Батыш Шериа душмандын чоң коркунучтарына каршы тайманбастык менен туруштук бергенин айтып, алкады. Хамас саясий кеңсесинин жетекчиси сионисттик режим менен туткундарды алмашуу боюнча маселеге  токтолуп, мындай деди: Сионисттер акы төлшмөйүнчө туткундарды алмашуу боюнча эч кандай келишимге кол коюлбайт.

Комментарий жиберүү