Абдулла: Ок атууну токтотууну улантуу керек

Ооганстандын Жогорку Улуттук Ынтымак Кеңешинин төрагасы Орозо айт күнү ок атышууну токтоткондон кийин, талибан туткундарынын өкмөт тарабынан бошотулушун кубаттап, ок атууну токтотууну узартууга чакырды.

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Орозо айт майрамына карата Ооганстанда ок атышууну токтотуу боюнча келишим бузулбастан ойдогудай өткөн.
Бул боюнча Жогорку Улуттук Ынтымак Кеңешинин төрагасы:  “Элдин өмүрүн жана мүлкүн коргоо жана өлкөнүн жарандары үчүн коопсуз шарт түзүү үчүн ок атышууну токтотуу керек”,- деген сунушун айткан.
Ошондой эле ал талибан туткундарынын бошотулушу узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүү жана Ооганстандагы тынчтык келишиминин шарттарын аткаруу жагындагы оң кадам деп атады.
Акыркы кадамдарды эки тараптын ортосундагы ишенимди бекемдөө жана оогандар арасындагы сүйлөшүүлөрүнүн башталышына жол ачуу деп атаган Абдулла талиптерди “өкмөт туткундарын өз ара келишим аркылуу бошотууга” жана процессти улантууга үндөдү.
Эске салсак, талибандар 23-майда кечинде Орозо айт майрамында үч күн ок атууну токтоткону жарыялады. Талибандардын бул аракетине жооп кылып, Ооганстандын Президенти коопсуздук жана коргонуу күчтөрүн  да ок атууну токтотууга жана позициясын өзгөртүүгө үндөдү.
Ошондой эле Ооганстандын президенти Ашраф Гани айт майрамында жакшы ниеттин белгиси катары 2000дей  Талибандын туткундарын бошотуу процесси баштала тургандыгын айтты.

Комментарий жиберүү