ДССУ коронавирустун экинчи толкуну боюнча эскертүү жасады

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму азыркы учурда коронавирус эпидемиясы басаңдап жаткан аймактарда экинчи толкуну башталышы мүмкүн экенин эскертти.

«Mehr News» агенттиги “Reuters” агенттигинин маалыматына таянып, коронавирус илдетин жуктуруу учурлары азайып бараткан өлкөлөр, эгер тез арада чектөөлөрдү алып сала турган болсо, вирустун экинчи толкунуна туш болушу мүмкүндүгүн эскертти.
Маалыматка ылайык, айрым өлкөлөрдө коронавирусту жуктуруунун саны азайганы менен дүйнө дагы деле коронавирустун биринчи толкунунун жарымында турат. Ал эми кээ бир өлкөлөрдө, анын ичинде Борбордук Америка, Латын Америкасы, Түштүк Азия жана Африкада коронавирус жуктургандар көбөйүп жатат.
Дүйнө жүзү боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 5 млн. 490 миң адамга жетти.

Комментарий жиберүү